Атасынын унаасын айдап кеткен өспүрүмдүн жол кырсыкка кабылышы. Үчүнчү өспүрүм көз жумду

Буга чейин ӨКМден Кара-Көл шаарындагы жол кырсыкта эки өспүрүм көз жумганын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришип, Subaru Outback унаасын 2005-жылы туулган өспүрүм башкарып бара жатканын, унаа анын атасына катталганын, ал рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм көз жумганын билдиришкен.

Ооруканада 2006-жылы туулган дагы бир өспүрүм каза болду. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.