«Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев соттун чечими менен эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, сот тергөөчүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандырган.
Эрнис Минкеев 12-октябрда УКМК тарабынан кармалган болчу.
Буга чейин SuperTV телеканалы «Элит хаус», «Авангард стиль», «Эмарк Групп» курулуш компанияларынын жетекчилери УКМК тарабынан кармалганы боюнча депутаттарга суроо салган болчу.











