Кечээ, 19-сентябрда саат 20:20 чамасында «102» кызматына маршруттук №212 автобустун ичинде белгисиз аял 30 жаштагы жүргүнчүнү ур-токмокко алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынан кабарлашты.
Окуянын натыйжасында жабырлануучу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Милицияга жабырлануучунун агасы Т.Э. кайрылган. Мындан тышкары, бул окуя тууралуу видео социалдык тармактарга да тараган.
Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2005-жылы туулган жаран М.С. аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилди. Жарандын баласы бар жана кош бойлуулуктун экинчи айында. Азыркы учурда иликтөө уланууда, дайындалган экспертизалардын жыйынтыгына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.











