Чебердик менен шыпыргыга жашырган 4 уюлдук телефонду аялдардын абагына алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
Комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө аял киши кармалган. Ал Степное айылында жайгашкан №2 түзөтүү мекемесинин аймагына сыртынан жөнөкөй көрүнгөн кадимки шыпыргыны киргизүүгө аракет кылган. Бирок жакшылап текшергенде төрт уюлдук телефон ичине катылганы аныкталган.