«Аялды сөгүп, чачынан сүйрөп, муунтуп». Бишкекте мурда 7 жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Аялга кол көтөргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милицияга 1984-жылы туулган аял киши 25-январь күнү арыз менен кайрылып, аны Ош шаарынын Масалиев атындагы көчөсүндө белгисиз жаран адегенде сөгүп, андан соӊ чачынан сүйрөп уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Анын мындай кылмыштуу аракети туура эмес экендигин эскерткенинде муунтууга аракет жасаган.

8-февраль күнү милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешелүү адамды Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда жашынып жүргөн жеринен кармашкан. Ал Өзгөн районунун 1982-жылы туулган тургуну, мурда 7 жолу сот жообуна тартылган жаран болуп чыккан. Ал кылмыш чөйрөсүнө жакын, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде экендиги аныкталды. Шектүү 7 жолу: 3 жолу бейбаштык, тоноо, баңги заттарды колдонуу, опузалап акча талап кылуу жана башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылгандыгы үчүн соттолгон. Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.