«Аялын өлтүрүп, сот жообуна тартылган». Нарында 13 жаштагы өз кызын зордуктап жүргөн атанын иши Жогорку Сотко жетти

Өткөн жылдын октябрь айында Нарын ОИИБи маалымат таратып, Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну узак мезгилден бери 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн деп айыпталып жатканын билдирген. Мындан тышкары, анын аялын өлтүрүп, 2018-жылы жазасын өтөп чыкканы тастыкталган. Өз көрсөтмөсүндө кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун айткан. Ал эми өспүрүм 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.

Эки айдан кийин Жумгал районунда сот өкүмү чыккан. Ал 15 жылга эркинен ажыратылып, аталык укугунан да ажыратылган. Маалыматка караганда, айыпталуучу Жумгал райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-пункту менен күнөөлүү деп табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине иш Жогорку Сотко чейин жеткени маалым болду. Нарын облустук сотунун 15-июлдагы чечими менен Жумгал райондук сотунун чечими өзгөртүлгөн. Облустук сот жазасын катуу тартиптеги абакта өтөөсү боюнча чечим чыгарган. Ал эми бүгүн, 23-ноябрда редакцияга Жогорку Соттон экинчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылганы маалым болду.