Бишкекте 25 жаштагы Мадина Исакова күйөөсүнөн зомбулук көрүп келгенин жана аны коргойм деген агасы камалып, кордогон күйөөсү эркиндикте жүргөнүн айтып SUPERTV каналына маек берген. Келиндин агасы менен мушташтан бир көзү жабыркаган күйөөсүнүн жактоочусу окуя тууралуу комментарий берди.
«Мадина үй-бүлөлүк зомбулукка кабылдым деп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулукка аялдар гана кабылбайт, ал эркектерде деле болот. Алар болгону айтпайт. Мадина бокс менен машыкканы маалым. Сот отурумунда менин кардарым Мадина аны көп жолу сабаганын айтып жатат. Анын агасы мен коргогон адамды майып кылып койду. 30 жаштагы жаш жигит учурда бир көзү көрбөйт.
Негизи Мадина менен менин кардарым расмий түрдө никеге турушкан эмес. Ортодогу балага да менин кардарым атасы катары каттаткан эмес», — дейт жактоочу.











