«Ала-Тоо» Ардак кароолго туруп видеого түшүп жаткан эки аял кишинин бири милиция тарабынан аныкталды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрь күнү кечки саат 21:37 чамасында соцтармактарга эки аялдын «Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароолдун аймагына киргени боюнча видео тараган.
Факты боюнча Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 40 жаштагы аял аныкталып, майда бейбаштык беренесине ылайык 5500 сом айып салынды. Ал эми экинчи аялдын өздүгү аныктала элек.
Посмотреть эту публикацию в Instagram