«АЮ Холдинг» компаниясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 миллиард сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө негизделген тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында «АЮ» көп профилдүү холдингинин ээси тарабынан мамлекеттик органдарга берилген жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
«Холдингдин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу боюнча, ошондой эле компаниянын экономикалык ишине мыйзамдуулуктун көрүнүшүн берүү максатында мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшыруу схемасы системалуу түрдө иштеп келгени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Ишкерден алынган объектилер:
«Аю Гранд», «Малика», «Томми Молл» соода борборлору
Камсыздандыруу компаниясы жайгашкан коммерциялык кеңсе
Кампалар
Тери заводу жана жип ийриген фабрика
Ысык-Көлдөгү «Каганат» эс алуу борборундагы коттедждер
Кеңсе, батир, үйлөр








