Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров камакка алынды

Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча тергөө амалдары уланууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында сурак кылуу максатында ИИМдин Тергөө кызматына Экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран камсыз кылынган. Учурда жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.