Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасын узартты.
Маалыматка караганда, Руслан Бекназаров 12-декабрга чейин камакта болот.
- Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында сурак кылуу максатында ИИМдин Тергөө кызматына Экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран камсыз кылынган. Учурда жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.