Бишкек шаарында «Азия Моллдо» бомба бар деп жалган кабар берген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
«25-январь күнү саат 17:34 чамасында, 102 кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар аныкталган эмес», — деп жазылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча менен кылмыш иши козголуп, 2007-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram