Социалдык тармактын колдонуучулары айдоочу унаанын багажына жарандын бутун чыгарган абалда салып алган видео менен бөлүшүп жатышат. Маалыматтарга караганда, видео Жалал-Абадда, Шамалды-Сайда тартылган.
СЕРЕП МЕДИА мааалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя тууралуу маалымат беришти. Жол тескөөчүлөр унаанын айдоочусун тапкан. «Биз унаа менен чүкүрү тергени адырга чыкканбыз. Келе жатканда багажым жабылбай койду. Инимди багажга отургузуп, аны карматып кеткенбиз. Мыйзамды билген эмеспиз. Кечирип коюңуздар», — деди айдоочу.












