Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 4-декабрда Бажы кызматынын (Кара-Суу районунун, Ош облусунун аймагында) «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан системалуу түрдө акча чогултуу фактылары боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Аталган кылмыш иши боюнча «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин эки башкы инспектору, «БИМИ Ош сервис» БКЖнын 2 улук инспектору, «Ош» бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору жана «Мега логистик» БКЖнын башкы инспектору, ошондой эле ортомчу катары иш алып барган оператор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.