Бажы кызматынын төрагасы коррупцияга шектелип кармалды

УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Анын жүрүшүндө бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан бажы кызматындагы ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Ага ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттар түзүлгөнү, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы күбөлөндүрөт. Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча бүгүн, 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Адилет Кубанычбеков өткөн жылдын октябрь айында аталган кызматка дайындалган болчу.