«Баланын өлүмү катталган». Милиция 5 дарыгердин кармалышынын чоо-жайын айтты

Буга чейин Ленин райондук соту маалымат таратып, кармалган 5 дарыгер камакта калтырылганын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрда «102» кызматына өлүкканадан чалуу түшүп, анда кичинекей баланын жансыз денеси түшкөнү айтылган. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынып, тергөө башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө, бала ооруканалардын бирине өткөн жылдын 13-ноябрында ашказанынын ооруганына арыздануусу менен түшкөнү, ошол эле күнү реанимация бөлүмүнө которулгандыгы аныкталган. Ошол ооруканада бала эсине келбей көз жумган. 

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1962, 1955, 1994, 1990, 1981, 1995-жылы туулган дарыгерлер бөлүмгө жеткирилди. Соттун чечими менен 5 дарыгер 10-январга чейин камакта калтырылды. Ал эми 1955-жылы туулган дарыгер үй камагына чыкты. Тергөө уланууда.