Баланын өлүмүнөн кийин камакка алынган 5 дарыгер үй камагына чыкты

Бишкекте ооруканалардын биринде катталган бала өлүмүнөн улам камакка алынган 5 дарыгер үй камагына чыкты. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакупбекова жазды.

Ал эми Ленин райондук соту маалымат бир аздан кийин берилерин убадалашты.


Бишкектеги ооруканалардын биринде баланын өлүмүнө байланыштуу 5 дарыгер 10-январга чейин камакка алынып, 1 дарыгер үй камагына чыккан болчу. Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул окуяга байланыштуу көп дарыгерлер иштен кеткиси келип жатканын билдиришкен.