«Баласы балдарды кабыл алуу бөлүмүндө». Ошто 21 жаштагы мас абалындагы келин кайгуулчунун колун тиштеп салган

Ошто кайгуул кызматкерин тиштеп алган 21 жаштагы келин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1 жаштагы баласы балдарды кабыл алуу бөлүмүндө. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош шаарлык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 5-май күнү 21 жаштагы келин 1 жашар баласы менен мас абалда таксиден түшпөй, кайгуул кызматкеринин сол колун тиштеп, унаанын айнегин талкалаган. Ош ШИИБге Милициянын кайгуул кызматынын кенже сержанты билдирүү менен кайрылып, саат 11:00 чамасында Ош шаарынын Масалиев көчөсү менен Навои көчөлөрүнүн кесилишине Дэу Матиз үлгүсүндөгү такси айдоочусу токтоп, унаанын ичиндеги жүргүнчү кызды түшүрүп берүүнүн өтүнгөн. Кызматкер жүргүнчүнү түшүрүүгө аракет кылганда ал мас абалында болуп, эшикти тээп, унаанын терезесин сындырып, тилдеп, кайгуул кызматкердин көкүрөгүндөгү камераны жулуп алып, сол колун тиштеп, ден соолугуна зыян келтирген.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, сотко чейинки өндүрүш ишине тиешелүү иш-кагаздарды жыйнаган. Кызматкердин денесиндеги жараатты аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда бул факты боюнча кылмышты далилдөөгө багытталган кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүп, келин Жазык процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бир жаштагы баласы Ош шаарындагы балдарды кабыл алуу бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Шектүү Базар-Коргон районунун Ахман айылында туулган. Улуту кыргыз, билими орто, 2 баланын апасы, азыркы учурда Ош шаарында жашайт.