«Балаты күйөбү же күйбөйбү?». Кара-Көлдөгү жаңы жылдык балатыны өрттөгөн делген 4 жигит кармалды

Кара-Көл милициясы жаңы жылга карата жасалган балатыга от койгондорду аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

23-декабрь күнү саат 05:00 чамаларда Кара-Көл ШИИБге телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканы кабарланган. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Бул окуя Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына «өрт кырсыгы» болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр суралып, 2002, 2004 жана 2005-жылы туулган 4 жигит балатыны отко күйөбү же жокпу деп ойноп от жагып, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.