Балдар аянтчасында кызга кол салган жаранга 5500 сом айып салынды

14-июлда Бишкектеги балдар аянтчасында мушташкан балдарды ажыраткан 18 жаштагы кызды коркутуп-түрткүлөгөн жаранга 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы А.Ж. «майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сот ага карата 5500 сом айып пул салынды.

Эске салсак, 14-июлда орун алган окуя 25-июль күнү социалдык тармактарга кенен жайылган. Жабырлануучу арыз жазгандан кийин жыйынтык болбогон айтып, социалдык тармакка маалыматты тараткан. 13 күндөн кийин Ленин РИИБ териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Кийинчерээк аталган окуяда кылмыштын курамы жок болгондуктан жаранга карата кылмыш иши козголбогондугун маалымдашкан.