Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.
Видеодон баласын көтөрүп балконго чыгып дем алып жатышканын көрүүгө болот. «Спутник» өрттүн жалыны 3 батирге жармашканын, 9-кабаттагы үйлөрдүн биринде калган эне-баланы аман-эсен алып түшүшкөнүн жазды.
Жеринде ӨКМ кызматкерлери иш алып барып жатышат.