Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Балыкчыда 13 жаштагы окуучу өз жанын кыйды. Апасы «уулум мындайга барбайт болчу» дейт

16:55 18.06.2025
0
Балыкчыда 13 жаштагы окуучу өз жанын кыйды. Апасы «уулум мындайга барбайт болчу» дейт

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Балыкчы шаарынын тургуну Кыял Апсаматова кайрылып, 13 жаштагы уулу Нурсултан Канатбек уулу 26-мартта асынып өз жанын кыйганын, бирок алар буга ишенбей турганын билдиришти.

Апасынын айтымында, уулу эч себепсиз мындай жолго барбайт болчу. «Нурсултан үй-бүлөдөгү жылгыз уул эле. Улуу эжеси, эки карындашы бар. Ооз бекиткен учур болчу. Уулум да орозо кармап жаткан. Төртөөбүз ооз бекиттик. «Силер жата бергиле» мен жыйнап коём деп, дасторконду бизге жыйнатпай койду. Бир карасам эжеси экөө сүйлөшүп отурушкан. Анан эле «Ичим ооруп жатат» деп сыртка чыгып кеткен экен. Анан эле ушундай окуя болуп жатат. 

Буга чейин мектептен денеси көгөрүп келген учур болгон. Бөйрөк тушу көгөрүп келген. «Классташ балам менен урушуп кеттик» деген. Мектепте барып, териштирип, чечишип келгенбиз. Дагы бир жолу мойнунда так менен келди. Эмне болду десем «катуу тырмап койгон окшойм» деди. Көрсө, 8-класстын окуучусу муунткан экен. Ушундай окуялар болду. Биз баламдын өз жанын кыйышына мектептеги салык салмай түрткү болду деп ойлоп жатабыз. Милицияга арыз жазганбыз, бирок биздин иш алдыга жылбай жатат. Мен башка энелер да уулунан ажырап калышын каалабайм»,- деди апасы.

Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

«26-март күнү Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2011-жылы туулган өспүрүм өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлүп, 14 жаштагы өспүрүмдүн асынып алгандыгы тастыкталган. Жансыз денени кароо учурунда эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Аталган факты Балыкчы ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Маркумдун 1987-жылы туулган атасы Балыкчы ШИИБге арыз менен кайрылып, уулу мектепте чогуу окугандар тарабынан коркутууга жана салык салууга кабылып келгенин, ал эми каза болордон бир күн мурун чоң энесинен велосипедин оңдоого деп 4 миң сом сураганын билдирген. Бул боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.

Окуяга байланыштуу маркум менен чогуу окуган жана жакын катышкан 31 окуучу мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынган. 24-апрель күнү тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Аталган окуя боюнча маркумдун ата-энеси тергөөчүнүн кабыл алган чечимине макул эместигин билдирип, облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан.

Ал эми Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2025-жылдын 16-июнунда Балыкчы шаарынын прокуратурасына чечимди жокко чыгарууга жана кошумча териштирүү жүргүзүүгө өтүнүч келтирилген. Келтирилген өтүнүчтүн негизинде чечим жокко чыгарылып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн иш Балыкчы ШИИБге жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, 17-июнда Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,- дешти.

Маркумдун сүрөтү ата-энесинин уруксаты менен жарыяланды. 

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды

Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:16 29.04.2026
0

28-апрель күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагындагы бала бакчалардын биринде жетекчи менен тарбиячы кайым айтышып, урушуп жаткан видеотасма тараган. Бул...

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:54 27.04.2026
0

26-апрель күнү саат 10:00 чамасында Баткен РИИБне Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн...

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:24 25.04.2026
0

24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы...

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:20 25.04.2026
0

Ленин РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата денеге залал келтирүү фактысы аныкталды....

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:30 21.04.2026
0

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

1
Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат

Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат

10:09 30.04.2026
Ташиев эки берене менен айыпталып жатат

Ташиев эки берене менен айыпталып жатат

09:22 30.04.2026
Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМге кайра суракка барганы кабарланды

08:53 30.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү