СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Балыкчы шаарынын тургуну Кыял Апсаматова кайрылып, 13 жаштагы уулу Нурсултан Канатбек уулу 26-мартта асынып өз жанын кыйганын, бирок алар буга ишенбей турганын билдиришкен.
Апасынын айтымында, уулу эч себепсиз мындай жолго барбайт болчу. «Нурсултан үй-бүлөдөгү жалгыз уул эле. Улуу эжеси, эки карындашы бар. Ооз бекиткен учур болчу. Уулум да орозо кармап жаткан. Төртөөбүз ооз бекиттик. «Силер жата бергиле, мен жыйнап коём» деп, дасторконду бизге жыйнатпай койду. Бир карасам эжеси экөө сүйлөшүп отурушкан. Анан эле «Ичим ооруп жатат» деп сыртка чыгып кеткен экен. Анан эле ушундай окуя болуп жатат.
Буга чейин мектептен денеси, бөйрөк тушу көгөрүп келген учур болгон. «Классташ балам менен урушуп кеттик» деген. Мектепке барып, териштирип, чечишип келгенбиз. Дагы бир жолу мойнунда так менен келди. Эмне болду десем, «катуу тырмап койгон окшойм» деди. Көрсө, 8-класстын окуучусу муунткан экен. Ушундай окуялар болду. Биз баламдын өз жанын кыйышына мектептеги салык салмай түрткү болду деп ойлоп жатабыз. Милицияга арыз жазганбыз, бирок биздин иш алдыга жылбай жатат. Мен башка энелер да уулунан ажырап калышын каалабайм», — деди апасы.
Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
«26-март күнү Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2011-жылы туулган өспүрүм өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлүп, 14 жаштагы өспүрүмдүн асынып алгандыгы тастыкталган. Жансыз денени кароо учурунда эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Аталган факты Балыкчы ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Маркумдун 1987-жылы туулган атасы Балыкчы ШИИБге арыз менен кайрылып, уулу мектепте чогуу окугандар тарабынан коркутууга жана салык салууга кабылып келгенин, ал эми каза болордон бир күн мурун чоң энесинен велосипедин оңдоого деп 4 миң сом сураганын билдирген. Бул боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.
Окуяга байланыштуу маркум менен чогуу окуган жана жакын катышкан 31 окуучу мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынган. 24-апрель күнү тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Аталган окуя боюнча маркумдун ата-энеси тергөөчүнүн кабыл алган чечимине макул эместигин билдирип, облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан.
Ал эми Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2025-жылдын 16-июнунда Балыкчы шаарынын прокуратурасына чечимди жокко чыгарууга жана кошумча териштирүү жүргүзүүгө өтүнүч келтирилген. Келтирилген өтүнүчтүн негизинде чечим жокко чыгарылып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн иш Балыкчы ШИИБге жөнөтүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 17-июнда Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — дешкен.
28-июнда жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Балыкчы шаарынын 2008-жылы туулган тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен тергөө убагына 1 айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Ошондой эле, кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө опузалап талап кылуу жана тоноо фактылары да аныкталган. 23-июнда Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну, 1986-жылы туулган Е.У. арыз менен кайрылып, 2008-жылы туулган уулуна белгисиз өспүрүм тарабынан 2025-жылдын январь айынан тарта бир нече жолу опузалап акча талап кылуу болгонун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
Мындан сырткары, 2025-жылдын 25-июнунда дагы бир жаран — 1984-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылып, январь-февраль айларында Балыкчы шаарында белгисиз өспүрүм анын 2008-жылы туулган уулун коркутуп, күч колдонуу жолу менен бир нече жолу спорттук костюмун тартып алганын айтып, тиешелүү чара көрүүнү суранган. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) жана 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыштарга шектүү катары Балыкчы шаарынын 2009-жылы туулган тургуну кармалып, мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда суракка алынган. Ага жогоруда көрсөтүлгөн беренелер боюнча айыбы угузулуп, эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Балыкчы шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 1 айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.