2-октябрда болжол менен саат 14:50 чамасында Балыкчы ШИИБге Балыкчы шаардык ооруканасынан кабар түшкөн. Анда 2017-жылы туулган баланын жаракат алганы айтылган.
Ысык-Көл ОИИБден билдиришкендей, бала короодо ойноп жүргөн учурда белгисиз адам аны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бала ооруканада жатат.