Кечээ, 30-июлда Балыкчы шаарынын тургуну Балыкчы ШИИБге алдамчылык фактысы боюнча кайрылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Анын айтымында, белгисиз адамдар башка уюлдук номурдан чалып, өзүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар жабырлануучунун атына 200 миң сом өлчөмүндө мыйзамсыз насыя алынып жатканын айтып, аны «алдамчылыктан коргоп калуу» шылтоосу менен жеке документтерин сүрөткө тартып, онлайн жөнөтүүгө мажбурлашкан.
Шылуундар жарандын атынан банктардын биринен 200 миң сом өлчөмүндөгү кредит алууга онлайн өтүнүч жөнөтүшкөн. Жаран Балыкчы ШИИБге убагында кайрылгандыктан, милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, алдамчылыкка бөгөт коюшкан. Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып, шектүүлөрдү аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.







