Балыкчыда 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен Балыкчы ШИИБдин мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев 2 айга камалып, Бекзат Казаков эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
- 26-январда саат 14:30 чамасында Балыкчы шаарынын Аманбаева менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен өспүрүм кызды белгисиз унаа сүзүп кеткен. Жол кырсыгы Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган болчу.
- Прокуратура Балыкчыда өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.
- УКМК жол кырсыгына шектүү Балыкчы ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялаган. Көп өтпөй ИИМ ШИИБ башчысы кармалып, тергөө кызматына берилгенин маалымдады. Андан соң тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ал УКМКга өткөрүп берилген. Кийинчерээк унаанын рулунда болгону айтылган анын бир тууганы да жумуштан алынган.
- 28-январда УКМК маалымат таратып, шаардык милициянын мурдагы башчысы менен бир тууганы камакка алынганын билдирди. Ал эми бүгүн кыздын атасынын тосмо арыз жазганы маалым болду.