Балыкчыдагы жол кырсыкта 25 жаштагы эки жигит жаракат алды

Балыкчы шаарында жол кырсык катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

​Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 156-чакырымында катталган. Анда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы эки жигит жаракат алган. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.