Барскоон айылындагы мектептин спорт залында жипке асынган 17 жаштагы окуучу кыз табылып, кийин ооруканада каза болгон эле. Бул окуяга шектелип ошол эле мектептин 27 жаштагы дене тарбия мугалими кармалды.
Окуя 5-февраль күнү саат 11:25 чамасында Барскоон айылындагы орто мектептин күрөш залында болгон. Кыз спорт залдагы темир турникке асынып турган жеринен дене тарбия мугалими тапкан. Окуя болгон жерге мугалимдер жана тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу Жети-Өгүз райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк кызды Бишкектеги ооруканага которушкан. Бирок 14-февралда 2007-жылы туулган жашы жете элек кыз каза болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда.