Бүгүн, 17-мартта Свердлов райондук сотунда жаңы Баш мыйзамга каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен активист 15-апрелге чейин камакка алынды.
15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген.
Анын тарапташтары адамдын оюндагысы менен айтып койгону кылмыш деп эсептелберин айтышып, 5 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдирди.
9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген.