Башкы прокуратура: «Энергетика министрлиги мамлекетке 889 миллион сомдон ашык зыян келтирген»

Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 миллион 150 миң 218 сом өндүрүлгөн. Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түздү. Пландуу текшерүүнүн алкагында энергетика тутумунун кызмат адамдары жана башка мекемелеринин кызматкерлеринин коррупцияга каршы аракеттенүү, эмгек, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, энергетика жана отун-энергетикалык комплекси жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сакталуусу иликтенген«,- деп айтылат маалыматта.