Башкы прокуратура судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткандагы видеону жарыялады

Кечээ, 20-майда Жумгал райондук сотунун судьясы менен райондун прокурорунун орун басары Жумгал райондук сотунун имаратында экөө бирге 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышкан. Бүгүн, 21-майда Башкы прокуратура пара алып жаткан учурдагы видеону таратты.

Судья менен прокурордун орун басарынын пара алып жаткан учуру толугу менен видеого тартылып алынган.

Райондун прокурорунун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу маселеси мыйзамда каралган тартипте (Башкы прокурордун сунушу боюнча Соттор кеңешинин макулдугу менен) чечилет.

Судья менен прокурордун орун басарынын кармалышын Башкы прокуратура кечээ, 20-майда жарыялаган. Бирок Соттор кеңеши Башкы прокуратуранын маалыматын четке кагып, эч кандай кармоо болбогонун билдиришкен. «Башкы прокуратура судьянын кармалышы боюнча маалымат тараткан. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Соттор кеңеши Конституциянын жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып, судьянын кармалышы тууралуу маалымат чындыкка коошпойт, анткени иш жүзүндө эч кандай кармоо болгон эмес», — дешкен.