Кечээ, 17-февралда «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын башкаруучуларынын мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Примбердиев Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелүүдө. Ал ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, буга чейин «Манастын» экс-башчысы Эмир Чукуев жана «Манас Менеджмент» ЖАКтын мурдагы президенти Нурсултан Белеков кармалган. Айып Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго дагы коюлган болчу.











