Башкы прокуратура: «Ысык-Ата» санаторийинин жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында мыйзамсыз бүтүм түзгөн»

Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан “Ысык-Ата” санаторийинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө санаторийдин мурунку мүдүрү жана санаторийдин айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен алардын материалдык кызыкчылыктарды максат кылып кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылдарга жалпы суммасы 12 миллион 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерди түзүшүп, санаторияга 1 миллион 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.