Баштыктагы 7 миллион рубль. Министрлик Орусияда сот жообуна тартылып жаткан Кыргыз жараны тууралуу үн катты

Басылмаларда Новосибирск шаарында Кыргыз жараны 7 миллион рубль уурдоого шектелип кармалгандыгы тууралуу маалымат жарыялангандыгына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги үн катты. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу өз компетенциясынын чегинде Кыргыз жаранына кармалган күндөн тартып зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

«2021-жылдын 4-ноябрында жогоруда көрсөтүлгөн жаран кармалган күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери кармоонун себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө барышкан. 2021-жылдын 28-декабрында жана ушул жылдын 2-февралында Башкы консулдуктун атынан кылмыш ишин карап жаткан Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна жаранга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу менен байланышпаган чечим чыгаруу өтүнүчү жиберилген. Ошондой эле, Башкы консулдуктун кызматкерлери соттолуучу жарандын жакындары жана жактоочулары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга катышып, ага карата мүнөздөмө материалдарын чогултууга зарыл жардам көрсөтүүдө. Министрлик бул маселени өз көзөмөлүндө кармап турат», — деп айтылат маалыматта.

Новосибирск шаарында жашаган кыргызстандык аял жумушка бара жатып сумка таап алган. Полициянын маалыматы боюнча, анда ири суммадагы акча – 7 миллион рубль болгон. Аялдын өзү баштыкта ​​акча болбогонун айтууда. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.