Шейшемби, 27.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

«Башыбызга уксус куюлган баштык кийгизишти» деген жарандарга милиция жооп берди

09:47 25.08.2023
0
«Башыбызга уксус куюлган баштык кийгизишти» деген жарандарга милиция жооп берди

Кечээ, 24-августта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго Чүй облусунун Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо фактылары боюнча 3 адамдан арыз түшкөнү маалым болгон. Анда 3 жаран тең милиция кызматкерлери башына уксус куюлган баштык кийгизишкенин, кыйноо 5 саатка уланганын билдиришкен. Окуя боюнча Чүй ОИИБ маалымат таратып, маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата физикалык кысымдар көрсөтүлүп, ур-токмокко алынган деген билдирүү чындыкка дал келбейт.

Кеп 1990-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандын Сокулук районунун Чат-Көл айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуясына шектелип жаткан 1988-жылы туулган Р.Ю., 1993-жылы туулган Р.Д. жана 1965-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар жөнүндө болуп жатат. Бул жарандардын жогорудагы оор кылмышка катышы бар экендиги тергөө жүрүшүндө алынган буюм далилде, жана башка иш материалдары менен тастыкталган. Ошол себептен айыпталуучулардын милиция кызматкерлери тарабынан физикалык же моралдык кысым көрсөтүү жолу менен күнөөнү моюнга алдырды деген билдирүүлөрү — бул коомчулукту адаштырууга жана алардын жасаган кылмыштын жоопкерчилигинен качуу аракети болуп эсептелет», — дешти.

Кармалган жарандар Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип жатат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 25-июлда Чүйдө жарандын жансыз денеси табылганы маалым болгон. Маалыматты редакцияга Чүй ОИИБден тастыкташкан. «Сокулук РИИБде киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды», — дешкен милициядан.

26-июлда Чүй ОИИБ маалымат таратып, 22-июль күнү Сокулук РИИБге жаран арыз менен кайрылып, жолдошу 1990-жылы туулган жаран ошол күнү саат 09:00 чамасында үйүнөн унаасы менен чыгып, кайтып келбегенин билдирген. Ага таандык унаа айылдын четинен табылып, шек жараткан. Тергөөнүн жүрүшүндө жаран жоголгон күнү андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги аныкталган. Кылмыш ишине шектүү катары Сокулук районунун 1988, 1993 жана 1965-жылы туулган тургундары аныкталып, алардын оор кылмышка катыштыгы бар экендигине далилдер табылган.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүүлөр дайынсыз жоголгон жаранды өлтүрүп, сөөгүн айыл четине катып коюшкан. Учурда «адам уурдоо» беренеси менен козголгон кылмыш иши «адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлүп, тергөө тарабынан жасалган оор кылмыштын бардык жагдайлары такталып жатат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:01 25.01.2026
2

Кечээ, 24-январь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесинен учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону...

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
14:25 23.01.2026
0

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, автоунаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды. Милицияга 20-январь күнү саат 07:40 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун...

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:58 21.01.2026
0

17-январда Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу) каралган кылмыштын...

Бишкекте унаа оңдоочу жайда өрт чыкты

Бишкекте унаа оңдоочу жайда өрт чыкты

Автор Айзада Тураркулова
09:48 20.01.2026
0

Бишкек шаарынын Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6...

«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
15:32 19.01.2026
0

“Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөөсүнө байланыштуу бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. «Путь в жизнь» реабилитациялык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү