Улуттук кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков 7-июндагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстанда жарандар кандай кыйноолорго туш болушарын айтып берди.
Анын айтымында, арыздар көбүн эсе милиция кызматкерлерине карата түшөт.
Камакка алынгандар негизинен төмөнкүдөй кыйноо ыкмаларына даттанышат:
— Атайын жабдууларды колдонуу: таякча, электрошокер;
— Желим баштык кийүү аркылуу муунтуу. «Бул адам өзүн жана физиологиялык функцияларын толугу менен башкара албай калган эң катаал жана бузуку ыкма»,- дейт Рысбеков.
— Колу, буту менен ургулоо;
— Кээде суу, кум толтурулган желим бөтөлкөлөр менен сабап, калың китептер, журналдар да колдонулат.
— Эч кандай из калтырбаган айрым ыкмалар;
— Айрым учурларда тырмактын астына ийне саюу.