«Башынан оор жаракат алган». Жалал-Абадда 29 жаштагы жигит ооруканада жан берди

Жалал-Абадда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

18-январь күнү Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө облустук оорукананын дарыгери телефон чалган. Анда 18-январь күнү саат 18:00 чамасында Сузак районунун тургуну 1993-жылы туулган жарандын башынан оор жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгын билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 19-январь күнү Жалал-Абад ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн тургуну 1979-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тилекке каршы шектүү денесинен алган жарааттан улам 30-январь күнү каза болуп калган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.