«Батирде кармап, сабашып». Орусияда мекендешин уурдап, акча талап кылган жигиттер кармалды (видео)

Орусияда мекендештерин уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында кылмышкерлер күч колдонуп, бычак менен коркутуп, Кыргызстандын жаранын унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Андан соң аны батирде кармап, 1 миллион рубль акча талап кылышып, андан соң сабап, 78 миң рублун алып кетишкен. Эртеси бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыштуу ниетин улантып, жабырлануучунун 65 миң рублдук мүлкүн алып кетишкен.

Буга байланыштуу бул топко тиешеси бар адамдарды табуу жана аныктоо боюнча бир катар комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жогорудагы факты боюнча Орусиянын Тергөө комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.  23-август күнү шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалышкан.

Алар:
— Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган М.Э. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран “Савалев базарындагы кыргыздар үчүн смотрящий” криминалдык статуска ээ;
— Жалал-Абад облусунун тургуну 2000-жылы туулган Ж.уулу Н.