Бишкек шаарында батирге кирип, алтын буюмдарды уурдап кеткенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБиден маалымдашты.
30-май күнү милицияга аял кайрылып, белгисиз адамдар батирине кирип 90 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Абдылас Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирдин терезесинен каракчылар кирип, жалпы суммасы 90 миң сомго бааланган алтын буюмдарын карактап кетишкен. Аталган факты уурдоо беренеси катары катталган.
Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип 1993-жылы туулган жаран кармалды. Учурда анын баш коргоо чарасы каралып, райондук соттун чечими менен СИЗО-1ге киргизилди.