Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басарын өлтүрүүгө шектүү кармалганы маалымдалууда

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектүү кармалганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, оор кылмышка Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну шектелүүдө. Ал буга чейин соттолгон. Шектүү менен маркум кечээ, 26-мартта кафеде жолугуп, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, шектүү милициянын подполковнигине бир канча жолу бычак сайган. Аскарали Мухамадиев алган жаракатынан каза болгон.

Буга чейин Баткен облустук милициясынан Аскарали Мухамадиевдин 47 жашында каза болгонун маалымдашкан.