Бүгүн, 6-декабрда ӨКМге таңкы саат 06:04 чамасында Баткен шаарында жайгашкан «Мега» соода түйүнүндө өрт чыккандыгы тууралуу түшкөн.
Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде ИИМ жана Тез жардам кызматы да жумуш алып барууда. Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн адам өмүрүнө коркунуч келген эмес.
Өрт саат 08:19да чектөөгө алынып, саат 09:10до толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.