Баткенде 18 жаштагы жигит тоодон түшө албай калган (сүрөт)

Кечээ, 18-июнда Лангар айылында 18 жаштагы жигит тоодон түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал тоого кой айдап түшүүгө барган. «Лангар айылынын 2003-жылы туулган тургуну тоодон түшө албай калган. Жерине куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон түшүрүшкөн. Абалы жакшы», — деп айтылат маалыматта.