Royal
SerepTV Logo

Баткенде 18 жаштагы кызды ала качууга шектүүлөр кармалды

Баткенде 18 жаштагы кызды ала качууга шектүүлөр кармалды
Кыз ала качууга шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 5-октябрда саат 19:15 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБге шаардын көп кабаттуу үйүнүн алдынан кызды үч жаран күч колдонуп, ак түстөгү Дэу Ланос үлгүсүндөгү унаага салып, алып качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат түшкөн замат Кызыл-Кыя ШИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштерине даярдык башталган. Окуяга байланыштуу шаар аймагына “Курчоо” планы киргизилип, тиешелүү шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар таратылган. Ыкчам тергөө тобунун иш-аракеттеринин негизинде Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары алдын ала сүйлөшүп, 18 жаштагы кызды ала качууга барышканы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган үч жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып токтотуучу жайга киргизилди.