Лейлек районунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен 4 жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, автоунаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын документтери болгон эмес.
Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон.
Коңшу республикалардын биринин жарандарына таандык автоунаалар контрабанда ишин жашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонушкан.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
“Өкмөттүн 1-марттагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республика боюнча контрабандага каршы жигердүү күрөшмөкчү. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча УКМК тиешелүү чараларды көрөт”, — деп айтылат маалыматта.