Баткенде аткезчилик жол менен Тажикстандан Кыргызстанга ташылып келаткан күйүүчү май менен кубаттандыруучу суусундуктар аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-сентябрда Кожом-Булак тилкесиндеги чек ара отряды 2 миңден ашык банка Ягуар кубаттандыруучу суусундуктарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 36 жаштагы Хундай-Портер унаасынын айдоочусун аныкташкан. Ошол эле күнү Мазар аймагында чек арачылар 240 литр күйүүчү-майлоочу материалдарды Тажикстандын аймагына өткөрүүгө аракет кылган Кыргыз жарандарын кармашкан.