Баткенде аял киши УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

15-февралда УКМК тарабынан республиканын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат адамдарына пара берүү) боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири, Кыргыз жараны кармалган. Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.