Баткенде баасы 5 миллион сомдон ашкан аткезчилик товарлары аныкталды (сүрөт)

Баткенде баасы 5 миллион сомдон ашкан аткезчилик товарлары аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

«ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Миң-Чынар — Апкан жолунда пландык иш-чараларды өткөрүү учурунда Кыргыз жаранынын башкаруусундагы DAF үлгүсүндөгү транспорттук каражаты токтотулган жана текшерилген. Унаанын жүк бөлүгүндө ассортименттеги элдик керектөө товарлары (тиричилик товарлары, кийим-кече) аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Товардын болжолдуу жалпы наркы 5 миллион сомдон жогору. Токтотуу учурунда айдоочу товар ташуунун легалдуулугун ырастаган товар коштоочу документтерди көрсөтө алган эмес. Унаага мөөр басылып жана жооптуу сактоого «Бими Баткен» аймагына токтотулган. Бул факты каттоого алынган. Чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Баткен ОИИБге берилген. Азыркы учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.