Баткенде Чүйдүн тургуну чек арадан мыйзамсыз кирип-чыгып жүрүүгө шектелип жатат

Баткенде Чүй облусунун тургуну кайтарууда турган чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп келип жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну кармалган. Анткени бул жаран Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган.

Азыркы күндө 378-берене (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, топтолгон материал соттук кароого өткөрүлдү.