Баткенде жигиттер 470 миң сомдук кийим-кече уурдап кетишкен

Баткен шаарында дүкөндөн кийим уурдоого шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну 18-февралга караган түнү Баткен шаарындагы эркек кишилердин кийимин сатуучу дүкөнүнөн белгисиз жарандар жалпы суммасы 470 миң 600 сом болгон сатыкта турган кийим-кечелерин уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул арыз Баткен ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, Баткен ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрө баштайт. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-март күнү Баткен шаарынын 18 жаштагы беш тургуну жана 17 жаштагы бир тургуну аныкталып, кармалды. Кармалган учурда алардын жанынан далилдүү буюм катары кийим-кечелер алынган.

Бүгүнкү күндө 18 жаштагы беш жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.