Баткенде жол тескөөчү каналга агып бара жаткан баланы чыгаргандагы видео тарады

Социалдык тармактын колдонуучусу Феруза Ашимбаева Баткен шаарында жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери каналдагы сууга агып бара жаткан баланы сактап калганын жазып чыкты.

«Баткен шаарында иштеп жаткан Токоев Аскар Батырович каналдагы сууда агып бара жаткан баланы куткарып, ата-энесине аман-эсен тапшырып берди»,- деп жазып, видео менен бөлүштү.